Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши 20-21-январдагы парламент жыйындарынын күн тартибин бекитти.
20-январда Жогорку Кеңеш жыйынында “Нотариат жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”, “2015-жылдын 27-мартында Брюссель шаарында кол коюлган “Секторду реформалоого келишим - Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо” программасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа биримдигинин ортосундагы каржылык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” жана башка мыйзам долбоорлорун карамакчы.
Ал эми 21-январда “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу”, “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгелери талкууланат.