КСДП фракциясы Камбар-Ата 1 ГЭСин куруу келишимин денонсациялоо демилгесин колдоду

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы 15-январдагы жыйынында 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын каскаддары ГЭСин куруу жөнүндө келишимди денонсациялоо боюнча мыйзам долбоорун колдоду.

Экономика министринин орун басары Айбек Калиевдин билдиришинче, Орусия тарап келишимге өзгөртүү керектигин билдирип, биздин өлкө жеңилдетилген насыя эмес, коммерциялык насыя алышы керектигин сунуштаган. Долбоорду мындай өзгөртүү кыргыз өлкөсүнүн кызыкчылыгына туура келбей турганы айтылды.

"Электр энергиясынын тарифтерин түп-тамырынан бери кароого мезгил жетти. Мурда бизде электр энергиясына болгон тарифтер арзан деп инвесторлорду кызыктырсак, эми ал бизге болбой калды. Бул жаатта элге туура түшүндүрүп, өткүрлүк менен иштебесек, электр тармактарын жоготуп алышыбыз ыктымал",- деди фракция лидери Чыныбай Турсунбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан