Кыргыз мамлекетинде 17-19-январь күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, 17-18-январда мезгил-мезгили менен кар жаап, Чүй, Жалал-Абад жана Талас облустарынын айрым райондорунда жаан-чачын болот.
"18-19-январда көпчүлүк аймактарда кар жаап, кээ бир райондордо катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу аймактардын унаа жолдорунда кар күрткүсү жаралат жана жолдор тоңголок, тайгак болот. 17-18-январда кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет. Мындай аба ырайы унаа жолдорунун абалын начарлатат, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат",- деп айтылат маалыматта.