Бишкек-Ош трассасынын кооптуу жерлеринен кар көчкүлөрүн аткылап түшүрүү уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, Токтогул районунда кар көчкүсүн атып түшүрүү үчүн Кой-Таш айылынан чыккан Башкы штабдын артиллериялык тобу жана ӨКМнын ыкчам тобу тарабынан 2016-жылдын 15-январында Бишкек-Ош унаа жолунун 246-231-чакырымдарында 27 жолу артиллериялык атуу болуп, 82 500 метр куб болгон кар көчкү түшүрүлдү. Көчкү жолго жеткен жок.
Артиллериялык топ жана министрликтин ыкчам тобу Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымында жайгашкан ӨКМнын Гидрометеорология агенттигинин "Ит-Агар" постунда түнөдү.
Кар көчкүлөрүн атып түшүрүү иштери бүгүн, 16-январда дагы улантылат.