Түркмөнстандын бийлиги чылым чегүүгө каршы жүрүп жаткан акциянын алкагында миңдеген куту чылымдарды отко таштады. Буга катар өлкөдө чылым сатууга тыюу салынды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, эми бул шартты бузгандарга 1,7 миң доллар өлчөмүндө айып пул салынат. Бул тыюу салууга карабай жашыруун соода кылгандар пайда болгонун жазат чет элдик басылмалар. Анда 1 куту тамекинин баасы 12 долларга бааланууда.
Кошумчалай кетсек, бул өлкөдө 2011-жылы чылымдын баасы бир топ кымбаттатылган. Көп өтпөй бийлик коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салган.