2016-жылдын 18-19-январында абанын температурасы төмөндөйт. Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 8…13°, күндүз 0…5° суукка чейин, Талас өрөөнүндө жана тоо этектеринде түнкүсүн 10…15°, күндүз 1…6° суукка чейин, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 7…12°, күндүз 2…7° суукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн 20…25°, күндүз 10…15° суукка чейин, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 25…30° суукка, күндүз 13…18° суукка чейин төмөндөшү күтүлөт.
Мындай аба ырайы автоунаа жолдорунун абалын начарлатат, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.