Бишкектин мугалимдери үчүн окутуу семинарлары өтүп жаткандыгын Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын маалыматына ылайык, №12-мектебинин администрациясы тарабынан кышкы каникул маалында класс жетекчилер үчүн окутуу семинарлары өткөрүлөт. Семинардын максаты - балдарды тарбиялоодо мугалимдердин жоопкерчилигин жогорулатуу. Семинарда мугалимдерге балдарга тарбия берүүнүн ыкмалары тууралуу айтылып, окутуунун жаңы усулдук колдонмолору көрсөтүлөт.