Борбордук шайлоо комиссиясы Чолпон Эсенаманова менен Элмира Жумалиевага депутаттык мандаттарды кайтарып берүү боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечимине нааразы болуп, Жогорку Сотко арыз жазды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бул маалыматты Жогорку Соттон да тастыкташты. Бул соттон кабарлашкандай, соттук отурум кайсы күнү өтөрү белгилене элек.
Эскерте кетсек, 11-январда Борбордук шайлоо комиссиясы "Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын депутаттары Чолпон Эсенаманова менен Элмира Жумалиева өз ыктыяры менен депутаттык мандатты тапшыруу жөнүндө арыз жазышкан" деп, алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу чечимин кабыл алган.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту 15-январда эки депутатты мандаттан ажыратуу боюнча БШКнын чечимин жокко чыгарган.