Кыргыз дыйкандары буудай өстүрүүдө Казакстан менен Орусияга атаандаша албай калганы айтылды

Кыргыз жеринде 2016-жылы буудай эгилчү аянт 9 миң гектарга кыскарат. Айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев 18-январда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында билдиргендей, быйыл пахта аянттарын 3700 гектарга көбөйтүү пландалууда.

"Анткени былтыр пахтанын баасы 42 сомго чыкты. Ал эми кант кызылчасы менен картошканын айдоо аянттарын да бара-бара кеңейтүү зарыл. Өлкөдө мал көбөйүп, тоют жетишсиз болуп бара жаткандыктан, көп жылдык чөп айдоо дагы 17 миң гектарга кеңейтилет",- деди министр.

Кыргыз мамлекети ЕАЭБдин курамына киргендиктен, ата мекендик буудай өстүрүүчүлөр сапаты жагынан кыйла жогору турган Казакстан менен Орусиянын дан азыктары менен атаандаштык түзө албай калганы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан