Энергетикалык коопсуздуктун талаптарына жооп бербеген бир катар мекемелер аныкталды

2016-жылдын 18-январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактарынын ишканасынан жолдонгон арыз каттын негизинде "Дордой", "Оберон", "Ак-Суу" жана Бишкек мэриясына караштуу автоунаа токтотуучу жайларынын дирекциясында текшерүү иштери жүргүзүлдү. Текшерүүнүн натыйжасында энергетикалык коопсуздуктун талаптарына жооп бербеген бузуулар аныкталып, текшерүү жыйынтыгы менен тийиштүү актылар түзүлдү.
Бузууларды четтетүү үчүн текшерүүгө алынган субъектилердин жетекчилерине жазма буйрутмалар берилген, тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн №316-токтомундагы "Өнөр жай, транспорт, байланыш, электр жабдуу жана аларды пайдалануу жобосу" бузулган. Ушул убакта бул мекемелерди Чүй жогорку чыңалуу электр тармактарынын ишканасы менен биргеликте сотко өткөрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматы кабарлады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан