Бишкектеги мектептердин арасында "Кыргыз баатырлары!" кароо-сынагы өтүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы жана Ардагерлер кеңеши кароо-сынакка катышкан мектептердин музейлерин жана "Кыргыз баатырлары!" согуштук даңк бурчтарын кароого киришишти. Бул сынакка катышкан билим берүү мекемелеринин саны 49га жетти. Сынак Тарых жана маданият жылынын алкагында өткөрүлүүдө.