Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду ушул жылы фермерлерге 3 миллиард сом көлөмүндө жеңилдетилген насыя каражатын бөлөт

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун жана мамлекеттик банктардын 2015-жылы айыл чарба тармагын насыялоо жыйынтыктары жана 2016-жылга милдеттер жөнүндө маалыматы угулду.

Жыйын жүрүшүндө Каржы министрлиги 2015-жылы аталган фонд банктар аркылуу фермерлерге колдоо көрсөтүү багытында 9 миңден ашуун жеңилдетилген насыя каражатын бергенин билдирди. Анын ичинде талаа жумуштарына – 1064 насыя, мал чарбасына – 8604 насыя, калганы – кайра иштетүү тармагына. Ал эми 2016-жылы айыл чарбасын өнүктүрүү багытында 3 миллиард сом көлөмүндө каражат бөлүнмөкчү.

"Айыл Банктын" башчысы Эркин Асрандиев 2016-жылдын биринчи жарымында өлкөнүн айыл чарбасына колдоо көрсөтүү үчүн 2 миллиард сомго жакын каражат каралып, ал негизинен лизинг тармагына басым жасаларын белгиледи. "Мисалы, жалпы программадагы жеңилдетилген насыя каражаттары 9 пайыздуу үстөк менен бериле турганына карабастан, жыйноо техникаларын лизингге алууга 120 миллион сом каражат 10 жылдык мөөнөткө 6 пайыздуу үстөгү менен берилмекчи",- дейт ал.

Ал эми "РСК Банктын" башчысы Азизбек Өмүркулов 2015-жылы 700 миллион сом көлөмүндөгү каражатка 2 миңден ашуун жеңилдетилген насыя берилгенин, анын ичинде насыялардын 9 пайызы өсүмдүк өстүрүү жана 2 пайызы кайра иштетүү тармактарына, калганы малчыларды колдоого туура келерин айтты. "Азыр корубузда дагы 1 миллиард сом өлчөмүндө каражатыбыз бар. Ал 2016-жылы жеңилдетилген насыя катары берилет",- дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан