Малайзияга барышкан окуучулар бүгүн, 19-январда Куала-Лумпур шаарында 112 жылдык тарыхы бар мектепте болушту. Бул мектепте аталган өлкөнүн учурдагы премьер-министри Наджиб Тун Разак жана бир катар губернаторлор окуганы айтылды.
Окуучуларды коштоп жүргөн ММК өкүлдөрү кабарлагандай, Чүй облусу боюнча жеңүүчү болгон Мари мектеп жетекчилиги менен англис тилинде сүйлөп таанышып, ыраазычылык билдирүү менен Кыргыз Республикасынын жаратылышы тартылган картина тапшырды. Жалал-Абад облусу боюнча жеңүүчү болгон Зыягүл мектепке улуттук кийим менен барды. Окуучуларга ала келген белектерин берди.
Мектептин атайын музыканттар тобу кыргыз делегациясына өнөрүн тартуулады.
Окуучулар мектеп тууралуу маалымат алышууда.
Зыягүл мектепке кыргыздын улуттук кийими менен барып, окуучуларга ала барган белектерин тапшырды.
Мари мектеп жетекчилиги менен англис тилинде сүйлөп таанышып, белек тапшырды.
Эстеликке сүрөткө түшүштү.
Окуучулар Бишкектен 14-январда кечинде учуп кетишкен. Алар менен бирге 9 аймактан 9 жеңүүчүнү аныктаган ММКлардын өкүлдөрү, ырчылар Айыма Айылчиева, Омар, күлкү жаратуучулар Санжар Мыкыев жана Азамат Исмаилов да барышты.
Делегация Малайзияда 21-январга чейин болушат. Анда Малайзиянын алдынкы мектептеринин бирине баруу, ММКнын өкүлдөрү жана аталган өлкөдөгү кыргыз жарандары менен жолугушуу пландалган. Мекендештер менен жолугушууда өнөр ээлери аларга ыр-күлкү сунушмакчы.
Эскерте кетсек, 2015-жылы өлкөнүн Малайзиядагы элчилиги кыргыз жериндеги окуучулар арасында "Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм" деген темада дил баяндар сынагын жарыялаган. Жеңүүчүлөр жаңы жыл алдында 7 облус жана Ош, Бишкек шаарлары боюнча аныкталган. Малайзияга жолдомону Абдыжапар уулу Медербек (Ош облусу), Жумадил Муңайтпасов (Ысык-Көл облусу), Айжамал Марипова (Бишкек шаары), Уланбек уулу Элназар (Нарын облусу), Мээрим Рахманова (Ош шаары), Мари Раимбекова (Чүй облусу), Адилет Сайдилаев (Баткен облусу), Нурэл Абасканов (Талас облусу), Зыягүл Искендерова (Жалал-Абад облусу) аттуу окуучулар жеңип алышкан.