Парламентте кийинки президент үчүн кайсы маселе маанилүү болору айтылды

Депутат Алмамбет Шыкмаматов соттук реформаны ишке ашыруу өлкөнүн кийинки президенти үчүн маанилүү маселе болорун айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Иш-чарада Бюджет кодексинин долбоору каралып жаткан. Анын жүрүшүндө депутат Өмүрбек Бабанов аталган долбоор чийки даярдалганын айтып, кайра иштеп чыгууну сунуштаган. Мындан тышкары Бабанов Бюджет кодексинин долбоорунда соттук реформаны каржылоого багытталган бөлөк берене арналганына нааразы болгон.

Буга Шыкмаматов төмөнкүдөй жооп берген: «Президент Алмазбек Атамбаев үчүн соттук реформа негизги маселелердин бири болгон. Кийинки президентибиз үчүн да бул реформаны ишке ашыруу маанилүү. Мындан улам Бюджет кодексине соттук реформаны каржылоого өзгөчө көңүл бурулган». Айта кетсек, өлкөдө жаңы президентти шайлоо кийинки жылы өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан