Бабанов менен Төрөбаев мандаттан ажыраган депутаттардын маселесин кароону демилгелешип, талкууга убакыт келгенде кетип калышты

Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинин жыйынында депутаттар Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаев депутаттык мандаттан ажыраган кесиптештеринин маселесин кароону демилгелешип, талкууга убакыт келгенде ордуларында жок болуп калышты. Мындан тышкары Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү да жыйында катышып жатып, мандаттар маселесин кароо жакындап калганда кетип калды.

Аталган комитеттин төрайымы Галина Скрипкина Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов эмгек өргүүсүндө экенин маалымдап, жыйында БШКнын бир да өкүлү жок экенин белгилеп, мындан улам бул маселени кароодон баш тартты.

Эскерте кетсек, 11-январда Борбордук шайлоо комиссиясы "Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын депутаттары Чолпон Эсенаманова менен Элмира Жумалиева өз ыктыяры менен депутаттык мандатты тапшыруу жөнүндө арыз жазышкан" деп, алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу чечимин кабыл алган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 15-январда эки депутатты мандаттан ажыратуу боюнча БШКнын чечимин жокко чыгарган. БШК бул соттун токтомуна нааразы болуп, Жогорку Сотко арыз жазган. Жогорку Сот бул маселени 21-январда карамакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан