Алмазбек Атамбаев: "Эл артисти", "Эл баатыры" наамдарынын кадыры кетти. Душмандардын тойлорунда ырдагандар "Эл артисти" наамын алышкан"

Бүгүн, 20-январда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Улуттук экономиканы чыңдоо жылында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана моралдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана эрдиктери үчүн бир катар кызматкерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи өтүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө президент Алмазбек Атамбаев акыркы жылдары мамлекеттик сыйлыктар аз берилип жатканын айтты. "Өлкөбүздө "Эл артисти", "Эл баатыры" наамдарынын кадыры кетип калган. Душмандардын тойлорунда элибизди кыйнагандарды мактап ырдагандар "Эл артисти" наамын алышкан. Ошондуктан бүгүн жаңы, башкача бир жаңылыкты баштап жатабыз. Ооба, мамлекеттик сыйлык жөнүндө эски мыйзамда кемчилик бар болгон. Анда коррупциялык схемалар камтылган. Ушундай болгонуна таң каласың. 2010-жылы көчөлөрдө өздөрүн баатыр деп атап жүргөндөр көп болгон. Ошондуктан жаңы парламент жаңы мыйзам кабыл алып, мамлекеттик сыйлыктарды татыктуулар гана аларына ишенем",- деди президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан