Жогорку Кеңештин 21-январдагы жыйынында депутаттар "мандат чыры" боюнча БШКнын маалыматын угууну кайрадан сунушташууда. Депутаттар жыйынга төрагалык кылуучу Нурбек Алимбековду сынга алышып, калыстыкка чакырышты. "Сизди вице-спикерлик кызматка ушул залдагы депутаттар шайлашкан, сиз аларды сыйлоого милдеттүүсүз. Кечээ "кворум жок" деп жыйынды жаап салдыңыз, а бирок өзүңүз каттоодон өтпөпсүз. Мындай болбойт, сиз бир фракциянын эле эмес, парламенттин депутатысыз",- деп билдирди депутат Кожобек Рыспаев.
Башка депутат Рыскелди Момбеков вице-спикерди парламентти сыйлоого чакырды. "Сиз мыйзамды сыйлабасаңыз сыйлабаңыз, ага өз башыңыз менен жооп бересиз. А бирок депутат болгондо берген антыңызды буздуңуз. "Жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн иштейм" деп ант бергенсиз, кечээ "кворум жок" деп ишти токтотуп койдуңуз. Минте берсек, парламенттин тарап кетиши кеп эмес. 10 миң киши аянтка чыгып 10 саат турса "оомийин" деп өзүбүз эле таркап кетебиз. БШКнын маалыматын бүгүн угушубуз керек",- деди депутат.
Эскерте кетсек, быйыл 11-январда Борбордук шайлоо комиссиясы "Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын депутаттары Чолпон Эсенаманова менен Элмира Жумалиева өз ыктыяры менен депутаттык мандатты тапшыруу жөнүндө арыз жазышкан" деп, алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу чечимин кабыл алган.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту 15-январда эки депутатты мандаттан ажыратуу боюнча БШКнын чечимин жокко чыгарды. Райондук соттун чечимине макул болбогон БШК жогорку инстанцияга арызданды. Маселе бүгүн, 21-январда Жогорку Сотто каралмакчы.
Ушул маселе боюнча парламент БШКнын маалыматын 2 аптадан бери уга албай жатат.