Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга Орусиядан алынган 37 миллион доллардын кайда жумшалганын иликтөөнү сунуштады. Сунушту парламенттин 21-январдагы жыйынында депутат Алмамбет Шыкмаматов билдирип, териштирүү үчүн депутаттык комиссия түзүү зарылдыгын айтты. Сунуш добушка коюлуп, күн тартибине кирди.
Белгилей кетсек, 21-январда парламент аталган ГЭСтерди куруу боюнча Кыргыз Республикасы менен Орусиянын ортосунда 2012-жылы кол коюлган макулдашууну денонсациялады. Долбоордун алкагында Орусия 2012-жылдан бери 37 миллион доллар бөлүп берген.