Парламенттин 21-январдагы жыйынында депутаттар Кара-Балтадагы "Жунда" мунайды кайра иштетүүчү заводунун токтотулушун талкуулап жатышат. Депутат Кожобек Рыспаев ишкананын токтотулушу бюджетке сокку уруп жатканын белгилейт.
"Биз аталган заводго башка маселелер менен барганбыз, бирок ишкананын токтоп турганына туш болдук. Карыздары үчүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы заводду иштете турган блокту кулпулап кетиптир. "Териштирүү иштерин заводду токтотпой эле жүргүзө берсе болбойт беле..." дешүүдө ишкана кызматкерлери. Маалыматты угалы, "балким, ишкана жетекчисинин орун басарын 2 айга СИЗОго камап койгону үчүн атайын уюштурулган иштир" деген шек жаралууда. Ишкана токтоп турганда абага жагымсыз жыт чыгып, токтобой иштеп турганда чыкпайт экен",- дейт Рыспаев.
Заводдогу кырдаал боюнча парламентте Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчилиги маалымат берүүдө.