19-январда Кытайда маймылдын башын башка маймылдын денесине тигишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Операцияны италиялык хирург Сержио Канаверо жана анын кытайлык кесиптеши Жэнь Сяотин жасашкан. Операция ийгиликтүү аяктап, маймыл 20 саат жашаган соң аны дары сайып өлтүрүшкөн.
Орусиялык программист Валерий Спиридоновдун башын башка денеге тигүүгө даярданып жүргөн Канаверо дүйнө жүзүнө бул операция мүмкүн экенин далилдеди. "Аннаполисте өткөн конференцияда кесиптештерим мындай операция жасоо мүмкүн эместигин айтышкан. Андагы мага жааган сынга жооп бере алганыбыз үчүн кубанычтамын",- дейт Канаверо.
Жэнь Сяотин бул маалыматты тастыктап, башка денеге тигилген баштагы мээнин жөндөмдүүлүгү өз калыбында иштей берерин айткан. Ал эми дүйнө жүзү боюнча сынчылар жүлүндүн мээге кошулушу мүмкүн эместигин, бейтап кыймылдабай каларын, эксперимент ишке ашпай турганын кайталашкан.