Эртең, 27-январда Кыргыз улуттук филармониясында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин коллегиясынын жыйыны өтөт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, жыйында министрликтин 2015-жылы аткарган жумушу боюнча маалымат берилет жана 2016-жылга болгон пландар талкууланат. Иш-чарада вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева, маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, өкмөт аппаратынын өкүлдөрү, министрликтин департаменттери, окуу жайлардын жетекчилери катышмакчы.