24-январь күнү кечинде "Кумтөр” кенинде кырсыктан каза болгон жарандын артында 10 баласы калды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 26-январда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди. Каза болгон жаран 56 жашта болгон.
"Техникалык коопсуздукту сактабагандыктан кырсыкка кабылган. Карьерден таштарды тартып чыгуучу техниканын резинасына оң колу жана башы кирип кетип, кыпчылып калган. Учурда анын жансыз денеси Каракол шаарына алынып келип, медициналык экспертизадан өткөрүлүүдө",- деди Усубакунов.