Социалдык-стационардык мекемеде жаткандарга берилүүчү тамак-аштын өлчөмү көбөйтүлдү

Социалдык-стационардык мекемеде жаткандарга берилүүчү тамак-аштын өлчөмү көбөйтүлдү. Бул тууралуу социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы социалдык мекемелердин абалы менен таанышууда айтканын министрликтен кабарлашты.

“Министрликтин системинде 15 социалдык-стационардык мекеме бар. Алардын алтоосу кары адамдар, бешөөсү психикалык жактан жабыркагандар жана төртөөсү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн салынган. Учурда бул жайларда 2300 адам дарыланып жатат.
Бейтаптардын ден соолугун чыңдоо максатында аларга берилүүчү күнүмдүк дары-дармек жана тамак-аштардын өлчөмүн көбөйттүк",- деп билдирди Базарбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан