26-январда Бишкектеги Ак-Ордо конушунун тургундары "Түндүк электр" ишканасынын кызматкерлерин жана Сокулук РИИБинин милиция кызматкерлерин курчоого алышкан. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда аталган ишкананын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, Ак-Ордонун жашоочулары өз билемдик менен 2 трансформатордук станцияны күйгүзүшкөн. "Бактыга жараша, эч ким жабыркаган жок, анткени адам трансформатордук станцияга жакындаганда аны ток урушу мүмкүн. Электриктер жана милиция кызматкерлери транформаторлорду өчүрүү максатында барышканда, тургундар аларга тоскоолдук жаратышып, курчоого алышкан. Энергетиктер "трансформаторлорду Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциянын уруксаты жок күйгүзгөнгө мүмкүн эмес" дешсе да, жашоочулар баш ийишкен жок. Ал эми аталган инспекция уруксатты бербегендигинин себебин "конуштагы үйлөр айыл чарба жерлерине салынган" деп түшүндүрүүдө",- деп айтылат маалыматта.
"Бүгүн, 27-январда түнкү саат 03:00дө "Түндүк электр" ишканасынын электриктеринин бригадасы жергиликтүү тургундар өз билемдик менен күйгүзгөн трансформаторлорду өчүрүштү",- деп баса белгиледи ишкана.