Таиландда аба ырайынын кескин өзгөргөнү 14 адамдын өлүмүнө алып келди

Таиланддын түндүк жана борбордук аянттарында аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнө калк даяр эмес болуп чыкты. Сууктун кесепетинен 14 адам көз жумган. Өлкө бийлиги каза тапкандардын көбү өнөкөт ооруларынан жабыркап келгендер экенин белгилешкен.

Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, өлкөнүн түндүгүндө 2 градуска чейин (нөлдөн төмөн даражада) суук болуп жатат. Мындай аба ырайына жергиликтүү калк көнбөгөнү аз келгенсип, турак жайлары да ылайыкташылган эмес. Бул маалда Таиланддын борбору Бангкокто аба ырайы +25 градустан түшпөчү, азыр күндүз +20 градус катталса, түнкүсүн +16 градус катталып жатат.

Суукка көнбөгөн айрымдар жылуулануу аракетин көрүп, үйдө куурай жаккан учурлар катталууда. Ошондой эле көптөгөн мектептерде да жылытуу аракеттери көрүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Patirot
2016-01-27 17:10:16
+20 деп койупсунаргоо суукабы ысыкабы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан