Өлкөдө паллиативдик жардамга муктаждар оорудан кыйналышууда. Бул тууралуу "Эргене" коомдук фондунан маалымдашты.
Паллиативдик жардам - катуу ооруга чалдыккан бейтаптардын жана алардын жакындарынын жашоосун жеңилдетүүчү иш-чаралар. Бул жардам бейтаптын жашоосунун акырына чейин көрсөтүлөт. Паллиативдик жардам алуу - адамдын негизги укуктарынын бири.
"Эгер бул жардамга муктаж болуп жаткан бейтапка эч кандай чара көрүлбөсө, мындай мамиле аны кемсинтүү деп эсептелинет. Адам укуктарынын жалпы декларациясына ылайык, бейтапка керектүү деңгээлде оорутпай турган дарылар берилбесе, бул аны кыйноого барабар",- деп айтылат маалыматта.
Фонддун маалыматына ылайык, кыргыз өлкөсүндө жыл сайын 3 миңдей адам рак оорусунан каза болот, алардын ичинен 80 пайызы азаптуу ооруга чалдыгышат.
"Биздин доктурлар бейтаптардын оорусун парацетамол, анальгин же димедрол, кетонал жана промедол дарылары менен басаңдатышат. Ооруну басаңдатчу дарылардын жакшысы - морфин. Тилекке каршы, морфин бизде жеткиликтүү эмес. Жадакалса аймактарда морфин тууралуу доктурлар да билишпейт. Бир жылда 16 килограмм морфин талап кылынса, 470 грамм гана пайдаланылат. Бул өтө төмөн көрсөткүч жана онкологиялык оорулардан жабыркагандар азаптуу оорудан каза болуп жатканынан кабар берет",- дейт "Эргене" фондунун төрайымы Таалайгүл Сабырбекова.