Бишкек жылуулук электр борборунда мыйзам бузуу фактылары катталып, текшерүүгө алынды (фоторепортаж)

Бүгүн, 28-январда Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекция Экономика министрлиги менен биргеликте Бишкек жылуулук электр борборунда бир катар мыйзам бузуулар бар экендигин айтып, текшерүүгө алды.

Өткөн айда жүргүзүлгөн текшерүүдө аталган борбордо курулуп жаткан курулуштар мыйзамсыз экендиги аныкталган, себеби салынып жаткан жылытуу казандарынын тастыктоочу документи жок болуп чыккан. Бул ишти кароо боюнча курулушту жүргүзүп жаткан кытайлык компанияга бир ай убакыт берилген, бирок компания тарабынан эч кандай аракеттер болгон эмес.

“Жылуулук электр борборунда бир канча мыйзам бузуу фактылары катталып, бир ай мурда текшерүүгө алган элек. Анда ЖЭБде курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “ТВЕА” деп аталган кытайлык компания курулуштун документин, сметасын көрсөткөн эмес”, - деди инспектор Иван Выгерев.

Мындан сырткары курулуш иштеринен чыккан темирлер ЖЭБдин аймагында белгиленбеген жерге ташталган. Жалпы аянты 1 гектар жерди ээлеген темирлердин жатышы дагы мыйзам бузууга кирет. 2011-жылы Казакстандан алынып келинген көмүрдөн радиация чыккан. 5 жылдан бери 618 тонна радиоактивдүү көмүр азыр деле ЖЭБдин аймагында сакталып турат. Бул тууралуу ЖЭБдин радиация коопсуздугу боюнча бөлүмүнүн башкы инспектору Бектур Айдаралиев: “Тиешелүү мамлекеттик мекемелер тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, көмүрдүн негизги партиясы кайра артка кайтарылган. Алгачкы келген партиясы ЖЭБдин аймагында тургандыктан, аны убактылуу сактоого уруксат берилген. Учурда калган көмүрдү Кара-Балта тоо-кен комбинатына көчүрүү тууралуу сүйлөшүү иштери жүрүп жатат”,- деп айтты.

Аталган жай 15 күндөн соң кайрадан текшерүүгө алынат. Эгерде иш аткарылбаса, иш сотко өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zoichka
2016-01-28 17:12:00
Эмне эле отопление кымбаттап кетти десе.керексиз нерселерди сатып алып.элге куч келет тура.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан