Кыргыз өлкөсүндө пенсиянын орточо көлөмү учурда 4804 сомду түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда өлкөнүн Социалдык фондунун маалымат кызматы билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын 1-январына карата республика боюнча пенсия алгандардын саны 603 900 адам экени аныкталды. Бул көрсөткүч 2014-жылга салыштырмалуу 13 500 кишиге көп. Ал эми пенсияны банк аркылуу алгандар 32 400 кишиге же 13,9 пайызга көбөйгөн. Пенсиянын көбөйүшүнө болгон муктаждык 2015-жылы 800 миллион сомго жеткен. 2015-жылы республикалык бюджеттен аскер кызматкерлеринин пенсияларына, жеңилдетилген пенсияларга, пенсияга болгон кошумчаларга жана электр энергия үчүн компенсациялык төлөмдөргө бөлүнгөн каражат 16 миллиард 3 миллион сомду түзгөнү маалымдалды.