Кыргыз жеринде жакырчылыкты жоюу боюнча долбоорго кошумча 600 миң доллар каражат каралды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, министр Кудайберген Базарбаев учурда Нарын облусунда иш сапары менен жүрөт. Ал облустук коллегияга катышып, төмөнкүлөргө токтолду:
"Бүгүнкү күндө БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасына Нарын облусунун бардык райондору катышат. Программанын алкагында жалпысынан 24 долбоор иштелип жатат. Долбоордун алгачкы баскычында келишимди 2020-жылга чейин узартуу каралган. Биздин өнөктөштөр, анын ичинде Орусия кошумча 600 миң доллар каражат бөлдү. Бул механизм эффективдүүлүгүн көрсөтүп, биз улуттук системди иштөөгө өттүк. Аткарып жаткан ишибиздеги башкы максат - калктын аз камсыз болгон катмарын пайда алып келген жумуштарга тартуу".
Министр кошумчалагандай, пилоттук долбоор Нарын облусунун Кочкор районуна, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна киргизилет. 1 айылдык округда кем дегенде 5 пайда алып келе турган долбоорлорду ишке киргизүү пландалууда.