Өлкөдө диний экстремизм жана терроризм аракеттери үчүн 14 жаштагы өспүрүмдөр жазага тартылып башташы мүмкүн

Өлкөдө диний экстремизм жана терроризм аракеттери үчүн 14 жаштан жогорку жарандар жазага тартылып башташы мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Кыянбек Сатыбалдиев киргизүүдө.

Анын айтымында, кыргыз өлкөсү үчүн учурда диний экстремизм жана эл аралык терроризм чоң коркунуч туудуруп жатат жана аны менен күрөшүүнүн бирден-бир жолу – мыйзам актыларын күчөтүү. "Экстремисттик аракеттердин бардык түрү үчүн жазаны күчөтүү мындай кылмыштардын санын кыскартуунун эң ыңгайлуу жолу. Себеби буга чейин жашы жете элек өспүрүмдөрдүн жана аялдардын кылмыш-аракеттери жазасыз калып келгени белгилүү",- дейт депутат.

"Азыркы кодекске ылайык, кылмыш жоопкерчилигине 16 жаштан жогорку жарандарды гана тартуу мүмкүн. Статистикага таянсак, экстремисттик материалдарды сактаган, Сирияга согушка кеткен же аларга көмөк көрсөткөн адамдардын арасында 14-15 жаштагы өспүрүмдөр аз эмес",- деп белгилейт Сатыбалдиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Sobr777
2016-01-29 08:35:25
Туура ошондой кылыш керек
+1
medetbek.isanov
2016-01-29 08:41:31
Чечимди абдан туура чыгарыптыр!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан