Ош облустук ооруканасында бардык шарттар түзүлгөнүн уюштуруу-усулдук бөлүмүнүн башчысы Атабек Жумалиев SUPER.KG порталына билдирди. Сүрөт бейтаптарды кабыл албоочу коридордон тартылганын кошумчалады.
"Сүрөттөр оорукананын 3-кабатындагы урология менен нефроревматология бөлүмдөрүнүн ортосундагы коридордон тартылган. Бул жерде сырттан келген бейтаптар тейленбейт. Аталган бөлүмдөрдө жалаң гана ооруканада жатып дарыланган бейтаптар орун алышкан. Коридорго аларды көргөнү келген туугандары жана жакындары туруп калышат. Андай учурда да көпкө турганга болбойт. Кээде бейтаптар уктап же дарыланып жатканда келип калган жакындары коридордо күтүп тура беришет. Алар убакытка карап келишсе мындай көрүнүштөр болмок эмес. Оорукананын мүмкүнчүлүгү болгон учурда да коридорго отургучтарды коюуга болбойт. Ал эми дарыгерге көрүнгөнү келгендер үчүн атайын кеңеш берүү жана дарт аныктоо бөлүмү иштейт. Жалпысынан ооруканада бардык шарттар түзүлгөн",- дейт Атабек Жумалиев.
Эскерте кетсек, бүгүн "Элдик кабар" рубрикасында Ош облусунун ооруканасында кезекте тургандар үчүн отургучтар жок экени жарыяланган.