Ырчы Алтынай Жайнакова: "Балам бар экенин 11 жыл жашырып келдим"

SUPER.KG порталынын бул жолку коногу ырчы Алтынай Жайнакова болду. Ал коомго 11 жыл жашырып жүргөн сырын ачыктады.

"Желкемде тоодой болгон, мени кыйнап келген сырымды коомго чыгарчу учур келди" деген ырчы жаш курагын айтпай жүргөнүнүн себебин жана буга чейин турмушка чыкканын билдирди. Мындан тышкары кезинде аны хайп кылган МАИ кызматкерлери менен болгон окуя тууралуу да кенен маек курду.

"Мен берген интервьюларымда ар түрдүү экенмин. Андан хайп жаратайын деп деле ойлонбойм. Болгону жашырып жүргөн сырымдан улам түрлөнө берет окшойм. Акыры ойлонуп сырымды коомчулукка айтууну туура көрдүм. Учурда мен 11 жаштагы баланын энесимин. Бул убакка чейин балама сөз тийип калбасын деп жашырып келгем. Буга МАИ кызматкерлери менен болгон окуя себеп болгон. Ал учурда жаш болгондуктан мен бул нерсени өзүм опурталдуу окуя кылып алыпмын. Көрсө болбогон эле нерсе экен. Эгерде азыркы акылым болгондо башкача болмок, депрессия болбойт элем. Жашоо өтүп, жашыбыз өйдөлөгөн сайын ар бир кадамыбыз сабак болот экен", - дейт ырчы.

Ошондой эле ал коомчулукка блогер катары таанылган Ажарага байланышып жардам бергиси келгенин да кошумчалады.

Толугу менен SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан