Кечээ, 2016-жылдын 27-январында Нарын шаарынын борбордук аянтына жергиликтүү тургундар тынчтык митингине чыгышкан. Эки саатка созулган тынчтык митингинде өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов чогулган элдин суроолоруна жооп берип, андан соң элдин арасынан түзүлгөн комиссия мүчөлөрү менен жолугушкан. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Дүйшөк кызы Айнура SUPER.KG порталына билдирди.
32 адамдан турган коомдук курам мүчөлөрү тарабынан 5 пункттан турган талаптар жогорку бийлик органдарына жиберүү үчүн облус башчысына берилди. Комиссия тарабынан кабыл алынган маселелер төмөнкүчө:
1. Бийик тоолуу жана шарты катаал аймактарга берилүүчү үстөктөрдү кайра кароодо Нарын облусунун климаттык шартын эске алып, мурда кандай төлөнүп келсе, ошол бойдон калтыруу жана мындан ары да өзгөртпөө же кыскартпоо;
2. Камсыздандыруу боюнча жеке турак жайларды камсыздандырууну мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүү, ал эми автоунааларды камсыздандырууну ыктыярдуу түрдө жүргүзүү;
3. Нарын облусунун тургундарына электр энергиясына болгон жеңилдетүүнү от жагуу мезгилине же ноябрь, декабрь, январь, февраль айлары үчүн 1500 киловатт кылып берүү;
4. Жаш үй-бүлөлөргө жөлөк пул чектөөнү жөнөкөйлөтүү же ата-энесинин кирешесин, автоунаасын, үй техникасын кошуп эсептебөө жагын кароо;
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен камсыздандыруу төлөмдөрү кескин көтөрүлүп, жер иштеткендер жана патент алган ишкерлерге оорчулук келгендиктен, бийик тоолук аймактарга тиешелүү токтомго өзгөртүү киргизүү менен жеңилдетип, кайра карап берүү.