Нарын облусунун Ат-Башы районунда катуу шамал болуп, үйлөрдүн чатырларын учурду. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда ӨКМден билдиришти.
Маалымдалгандай, район аймагында түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 24, Нарын жана Ак-Талаа райондорунун аймагында соккон шамалдын ылдамдыгы 18 метр секундага чейин жеткен.
Ага ылайык, табият кубулушунан Ат-Башы айылындагы райондук мамлекеттик администрациясынын имаратынын, 2 кабаттуу үйдүн, Кара-Суу айылындагы мектепти жылытуучу отканасынын, Дыйкан айылында 2 үйдүн, Калинин айылындагы мектептеги спорт залдын, Май-Булак тилкесинде 1 мечиттин жана 3 турак жайдын чатырларын учурган.
"Шамалдан 4 адам жабыркап, райондук ооруканага жеткирилген", - деп айтылат маалыматта.