2015-жылы Бишкекте мамлекеттин эсебинен дээрлик 400 миллион сомго 9,3 чакырым жол оңдолгон

2015-жылы мамлекеттин эсебинен болжол менен 389 миллион 700 миң сомго 9,3 чакырым жол оңдолгон. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов кечээ өткөн жыл жыйынтыгында айтканын аталган мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жыл жыйынтыгына премьер-министр Темир Сариев катышты. Кубанычбек Кулматов экономика, транспорт жана инфраструктура тууралуу маселелерди козгоду. Анын айтымында, 2015-жылы 44 миллион 660 миң юань жана 865 миллион 750 миң сомго 25,81 чакырым жол оңдолгон. Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен Жукеев-Пудовкин, Махатма Ганди жана Ауэзов, ал эми шаардын каражатынан Токтогул, Ибраимов, Курманжан датка, Садыгалиев жана 12-кичи райондогу муниципалдык наабайканага алып баруучу көчө оңдолгон. Орозбеков жана Патрис Лумумба көчөлөрүн реконструкциялоо иштери башталды, бүтүрүү иштери 2016-жылына пландаштырылып жатат. Мамлекеттин эсебинен болжол менен 389 миллион 700 миң сомго Саманчин, "Орто-Сай" базарынын жанындагы көчө, ошондой эле Ала-Тоо жана Ак-Бата конуштарындагы көчөлөр оңдолгон. Алардын узундугу жалпысынан 9,3 чакырымды түздү. Маалыматка ылайык, 2016-жылы Чүй кең көчөсүнүн Лермонтов көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейинки аралыгы оңдолуп бүтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
stal.ks
2016-01-29 10:12:04
ошондо бир километрге 36милион кетеби?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан