Бишкектеги тоңголок жолдорго себүү үчүн 7309,35 тонна кум жана 535,6 тонна техникалык туз алынган

Кыш маалында Бишкектеги тоңголок жолдорго себүү үчүн "Тазалык" муниципалдык ишканасынын базасына 7309,35 тонна кум жана 535,6 тонна техникалык туз түшүрүлдү. Бул тууралуу кечээ өткөн Бишкек шаардык мэриясынын коллегиясында айтылды. Ишкананын абоненттеринин саны үстүбүздөгү жылдын 1-январына 580 600дү түзүп, былтыркы көрсөткүчтөн 27 700гө көбөйдү.

2015-2016-жылдагы от жагуу мезгилине шаар тургундарына 172,7 миң тонна көмүр керектелсе, тургундар 175,3 миң тонна көмүр даярдашкан. "Жашылдандыруу" муниципалдык ишканасы тарабынан 6204 ийне жалбырактуу жана жалбырактуу көчөт, 243 бадал, 15 954 бадал тосмо, 1 278 913 бир жылдык гүл отургузулган. 461 чакырым ирригациялык систем, 165,5 чакырым магистралдык канал, 1355,5 гектар газон тазаланып, 2828,6 гектар газон, 2 082 325 чарчы метр бадал тосмо кыркылды.

"Бишкек свет" муниципалдык ишканасы шаар боюнча 11 936 күйүп кеткен электр лампаларын алмаштырып, 47,4 чакырым кабелдик линияны оңдогон.

Жалпысынан коллегиянын жыйынтыгында премьер-министр Темир Сариев 2015-жылы аткарылган борбордук муниципалитеттин ишин канааттандырарлык деп тапты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан