Кыргыз мамлекетинде 2015-жылы 1362 этникалык кыргыз кайрылман статусун алган

2015-жылы өлкөдө 1362 этникалык кыргыз кайрылман статусун алган. Бул тууралуу Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту бүгүн, 29-январда өтүп жаткан тегерек столдо билдирди.

Кайрылмандардын көпчүлүгү Жалал-Абад облусунун тургундары экени айтылды. Учурда аталган аймактагы кайрылмандардын саны 339 адамга жетти. Ал эми Баткен облусунда 331, Ошто 110 адам. Чүй өрөөнүндө 318 кайрылман болсо, алардын 264ү Бишкек шаарында отурукташкан.

Жалпысынан бул статуска 37 500 этникалык кыргыз ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан