Коммерциялык эмес "Freedom House" мекемесинин пикири боюнча, Борбор Азиядагы мамлекеттердин арасында кыргыз өлкөсү эң эркин мамлекет. Бул тууралуу 27-январда жарыяланган "2016-жылы дүйнөдөгү эркиндик" аттуу баяндамасында жазылган. Мекеме 195 өлкөнүн саясий жана жарандык эркиндиктеринин деңгээлин баалаган.
Рейтингге ылайык, Кыргыз Республикасы мүмкүн болгон 100 баллдын 38ин алып, КМШ өлкөлөрүнүн арасында Украина менен Молдовадан кийин эң эркин мамлекет деп табылган. Ал эми Казакстан 24, Орусия 22, Азербайжан менен Тажикстан 16 баллдан алышкан. Эң төмөн балл Өзбекстандыкы - 3. Ошондой эле Кыргыз Республикасы "саясий укук" жана "жарандык эркиндик" категорияларында 5 баасына (7ге чейин баалар коюлуп, 1 - мыкты баа) ээ болуп, жарым-жартылай эркин өлкө деп табылды.
"Эркиндиги жок" категориясына бул жылы африкалык өлкөлөрдүн көбү, араб өлкөлөрү (Иран, Ооганстан), Түштүк-Чыгыш Азиядагы өлкөлөр (Таиланд, Лаос, Мьянма, Камбоджа, Вьетнам) жана Куба кирди. Исландия, Финляндия, Швеция, Норвегия, Сан-Марино 100 баллдан алышкан. Лидерлерге кошулуу үчүн Канадага 1 балл жетпей калган. Америка Кошмо Штаттары 90 баллга ээ болгон.
Мекеменин билдиргени боюнча, дүйнө жүзүндө эркиндик көрсөткүчү төмөндөдү. Буга Жакынкы Чыгыштагы жаңжал себеп болуп жатканы белгиленген.