Бишкек шаарындагы Свердлов райондук ички иштер органдарынын демилгеси менен №87-орто мектебинде окуучуларга терроризмге каршы күрөшүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу 29-январда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Ага борбордук мечиттин имамы Махамадмуса Атабаев, 10-бөлүмдүн жана Жашы жете электер менен иштешүү боюнча инспекциянын кызматкерлери катышышты. Мектеп окуучуларына диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишмердүүлүгү, Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний агымдар жөнүндө маалымат берилди.
Мындан сырткары мамлекеттик жана укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн иш-аракеттер тууралуу айтылды. Дин өкүлү тыюу салынган уюмдардын катарына кошулууга чакырган үгүт ыкмалары боюнча түшүндүрмө берди.