2015-жылы өлкө боюнча кош бойлуу учурунда, төрөт маалында жана төрөттөн кийин каза болгон аялдардын саны 62ге жеткен. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин бүгүн, 29-январда өткөн коллегиясынын маалыматында жазылган.
Төрөт учурунда каза болгондордун саны Жалал-Абад облусунда көп, андан кийинки орунда Чүй облусу турат, ал эми Ош шаарында 4 аял каза болгон. Энелердин өлүмүнүн себеби көбүнчө кан кетүүдөн (32,3 пайыз) болот, сепсис жана экстрагениталдык ооруларынан (22,6 пайыз ), преэклампсия жана эклампсия ооруларынан (12,9 пайыз), жатындын үзүлүшүнөн (3,2 пайыз) каза болушат. Энелердин үйүндө көз жумган 4 учуру катталган: экөөсү Сокулук районунда, бири Токтогул районунда, бири Бишкек шаарында. Кош бойлуу кезинде 7 аял, 52си төрөттөн кийин, 3 аял бойдон алдыруудан кийин каза болгон. Алардын 55и дарыгерлердин көзөмөлүндө болсо, калганы каттоого турган эмес.