Семичке чагып коомчулуктун сынына кабылган Акшоола Болотованын ишин бүгүн, 29-январда Октябрь райондук административдик комиссиясы карады. Ага 2 миң сом айып пул салынып, кыз аны жакынкы күндөрдө төлөй турган болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, сейил бактын ичинде отуруп жерге семичке чагып, аны көчө тазалагычтар жыйнашы керектигин айтып, "алардын айлыгын государство төлөйт, ошол үчүн ал мамлекет" деген ойду карманган жаш кыз тууралуу видео тарап, коомчулукта талкуу жараткан.
Кызды жоопко тартуу боюнча чогултулган материалдар Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жөнөтүлгөн. Бирок кыздын келбегендигине байланыштуу бул маселе каралган эмес эле. Бул арада "Акшоола интернет колдонуучуларынын сынына кабылып, катуу стресстен улам дары ичип өзүнө кол салууга аракет кылды" деген маалымат тараган. Акшоола Болотова өз өмүрүнө кол салбаганын жана ооруканага жаткырылбаганын айтты. Ошондой эле видеону тартып, интернетке тараткандарды сотко берерин билдирди.