Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги өлкөбүздөгү алдынкы ММКлар менен биргеликте уюштурган дил баян сынагында 9 окуучу жеңүүчү деп табылып, алар 14-январдан 21-январга чейин Малайзияда болушту. Окуучулар өлкөнүн борбору Куала-Лумпур шаарында жана экзотикалык Лангкави аралында саякатташты. Окуучулардын Малайзиядан алган таасирин, ой-пикирин кезеги менен жарыялап турабыз.
Төмөндө сынактын Жалал-Абад облусу боюнча жеңүүчүсүн аныктаган "Азаттыктын" видеоматериалы.
Кышкы каникулун Малайзияда өткөрүп кайткан дил баян сынагынын жеңүүчүсү Зыягүл Искендерованы өзү окуган Сузак районунун Токтосун Темирбаев атындагы №6-мектептин жамааты чоң салтанат менен тосуп алды. Зыягүл окуучуларга ал өлкөдөгү орундалган кыялдары менен бөлүшүп, ийгилик каалады.