30-январдан 31-январга караган түнү Москвадагы өрттөн каза болгондордун сөөктөрүн алып келүү чыгымдарын кыргыз өкмөтү төлөп берет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Миграция кызматы билдирди.
"2011-жылдын 11-февралында кабыл алынган "Чет өлкөдө иш учурунда каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөктөрүн мекенине алып келүү чыгымдарын төлөө" тууралуу №40-токтому боюнча социалдык жардам көрсөтүү максатында, өрттөн каза болгондордун сөөктөрү алынып келинген соң, чыгымдар компенсацияланат. Маселе Темир Сариевдин көзөмөлүндө",- деп айтылат маалыматта.