Төө-Ашууда жайгашкан тоннелге видеокамералар орнотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Видеокамералардын жардамы менен жол кыймылын, аба ырайын байкоого мүмкүнчүлүк жаралып, жолго аттанып жаткан айдоочулар да ал жактагы жагдайлардан кабардар боло алышат. Маалыматта тоннелде ар бир 200 метр сайын камералар коюлгандыктан, анын ар бир метри көзөмөлдө экени жазылган.
Эскерте кетсек, Төө-Ашууда жаан-чачындуу аба ырайынан улам бат-баттан тыгын орун алып, ӨКМ кызматкерлери айдоочуларга кар түшүү мезгилинде жолго чыкпоону эскертип келишкен.