2015-жылы өлкөдөгү жаза өтөө мекемелеринде тиешелүү иштер аткарылып, 4308 уюлдук телефон тартылып алынган

2015-жылы өлкө боюнча жаза өтөөчү аймактардан алынган баңгизаттардын көлөмү 21 килограмм 295 граммды түздү. Анын 21 килограмм 226 граммы корголгон аймактардын кире беришинде тиешелүү кызматкерлер тарабынан колго түшүрүлгөн. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча маалыматында айтылат.

Маалым болгондой, ошол эле учурда абактарда уюлдук телефонду колдонууга тыюу салынганына карабай жаза өтөп жаткандар тарабынан колдонулуп жатат. 2015-жылы жаза өтөө мекемелеринде 4308 уюлдук телефон тартылып алынган (анын 300ү кире бериштен алынган). Ал эми спирт ичимдиктери боюнча көрсөткүчкө токтолсок, 820 литр спирт ичимдиги тартылып алынган (анын 721 литри кире бериштен тиешелүү кызматкерлер тарабынан тартылып алынган).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан