Өрттөн жабыркагандарга тийиштүү көмөк көрсөтүү максатында Москва шаарына барган Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева бүгүн, 1-февралда жыйын өткөрдү. Анда набыт болгон кыргыз жарандарынын жакындарын издөө маселеси каралды.
Ошондой эле каза болгондордун арасында өздүгү аныктала элек жарандар бар экени жана аныктоо үчүн алардын ДНКлары экспертизага жөнөтүлөрү айтылды. Жыйындын жүрүшүндө вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева "Жүк-200дү" кыргыз жерине жөнөтүү маселеси каралып жатканын айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.