Каракол шаарындагы "Ак-Тилек" базарындагы карды тазалоого аракет көрүлүп жатат. Бул тууралуу аталган базардын Жеке ишкерлер профсоюзунун төрайымы Атыркүл Сарыбаева SUPER.KG порталына билдирди.
"Ак-Тилек" базары боюнча, билишимче, 5 шыпыруучу иштейт. Алар күндө кечинде базарды шыпырып, таштандыларды чыгарышат. Ал эми катарлардын арасындагы жолдордо тоңуп калган муздарга себүүгө соодагерлерге туз жана кум таратылып жатат. "Ак-Тилекте" жолдордогу муз эле көйгөй жаратууда. Бул көйгөйдү чечүүгө аракет кылып жатабыз.
Ал эми соодагерлерден чогултулуп жаткан төлөмдөрдөн Каракол шаарынын казынасына салык төлөнөт. Кээде "Ак-Тилек" базарынын аймагына кирбеген деле жерлерди ошол базарга тийиштүү деп ойлой беришет. Таштандылар жаткан жерлер деле базарга карабай калышы мүмкүн. Эми жакында бул базарда реконструкциялоо иштери башталып, соода орундары иретке келтирилет",- дейт Атыркүл Сарыбаева.
Эскерте кетсек, аталган базарда кар күрөлбөй, таштандылар чыгарылбай жатканы тууралуу кабарлар жарыяланган.