Москва шаарындагы тигүү цехиндеги өрттөн каза болгон кыргыздардын жакындары бүгүн, 2-февралда саат 08:00дө Ош-Москва авиакаттамы менен Орусияга учуп кетишти. Аларды Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери тосуп алышат. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, Москвага Козуев Төлөгөн Мухтаралиевич, Козуев Манас Мухтаралиевич, Иса кызы Айзат, Масалиева Сажида Зиёвидиновнанын туугандары кетишти. Өрттөн каза болгон башка жарандардын туугандары Москвада экени айтылды.
Айта кетсек, Москва шаарынын Стромынка көчөсүндөгү тигүү ишканасындагы 31-январга караган түнү орун алган өрттөн 12 адам, анын ичинен 3 кичинекей бала каза тапкан. Алардын ичинде 8 кыргыз жараны, Орусиянын жарандыгын алган кыргыздардан жана өзбек жарандарынан экиден адам болгон. Каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөктөрүн мекенине алып келүү чыгымдары өкмөт тарабынан төлөнөрү белгилүү болгон.