Ленин районуна караштуу Орто-Сай айылынын эки кичинекей тургуну мамлекеттик кароого өттү

Ленин районуна караштуу Орто-Сай айылынын эки кичинекей тургуну мамлекеттик кароого өттү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ленин райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын маалыматы боюнча, кечээ, 2-февралда Үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн адистери Орто-Сай айылына Ковалевдердин үй-бүлөсүндөгү жагдайды текшерүүгө барышкан. 2013-жылкы Карина жана 2015-жылкы Ксения аттуу кыздары бар үй-бүлө Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылынан жаңы көчүп келишкени белгилүү болгон. Текшерүү маалында кыздардын апасы Королевская Л.В. аларды өзүнүн жарандык күйөөсү Евгений Яковенкого таштап жумушуна кеткен. Адистер барган учурда кичүү кызынын бети күйүп калганын көрүшкөн. Евгений Яковенконун айтымында, кыз жылыткычка кулап бетин күйгүзүп алган.

№17-үй-бүлөлүк оорукананын балдар дарыгери Ырыс Үсөнова кызды текшерип, тез арада ооруканага жаткыруу чечимин чыгарган. Ксения күйүктөр бөлүмүнө жаткырылды. Үй жылытылбай, жашоого шарт болбогондуктан, Карина Бишкек шаарындагы балдар үйүнө жайгаштырылды.

Ленин райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы бул үй-бүлө үчүн атайын долбоор иштеп чыкты. Долбоор балдар иши боюнча комиссиянын отурумунда каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан