Жаңы төрөлгөн ымыркайын дааратканага таштаган эне уулу менен ооруканадан бирге чыгарылат

Токтогул районундагы балдар иштери боюнча комиссия ымыркайын дааратканага таштаган эненин иши тууралуу чечим чыгарды. Бала ооруканадан энеси менен бирге чыгарылмай болду. Балага Марс деген ысым берилди. Бул тууралуу 3-февралда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Атабек кызы Айпери баласы Атабек уулу Марс менен Токтогул райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлеринин көзөмөлүндө болуп, кызматкерлер күн сайын кабар алып турушат. Маалыматка караганда, Айпери 2014-жылы турмушка чыккан. Анын бир жарым жаштагы кызы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Truelensk
2016-02-03 19:07:23
Ымыркайын бетин кантип карайт.
+6
Xanif.Kg
2016-02-03 19:30:09
Эмне себептен таштады экен. Кызы деле бар экен, анын устуно куйоосунон эле расмий тороптурго...
+4
mersedes2013
2016-02-03 20:28:07
Кокуй аай.пай пай десе эмне деген шумдук?Эмнеге кайра ал аялга карматып койду баланы?Ошол ымыркай кереги жок учун таштаса керек эле туалетке.Ал эне жарытып эне болбойт
+4
kgul
2016-02-03 20:38:59
Энелик укуктан ажыратса, жетимдер уйундо мектепти буткондон кийин талаада калат,башка балдар жетиштуу,себеби болсо керек.
+1
akzuura
2016-02-03 21:31:23
Бир нерсеси бар таштап салатда.
Ак никеден төрөлсө төрөт үйүнөн күйөөсү тосуп чыгып жакшынакай эле чыгат(мүмкүн бала күйөөсүнөн эмес)
Же төрөгөн аял таштап уят болбой жатаарда ойлонуп койбоптур акмак.
+6
tursunai98
2016-02-03 22:05:10
акмак кыз десе
+2
kochkor.siti
2016-02-03 23:10:47
Эми омур берсин балага
0
Akmosha
2016-02-03 23:56:29
Мен кудайлап журуп Уул балага аран жетсем,элдер эркек баланы туалетке таштап жургонуно жол болсун.Тобо кылдым.Бироого кор бироого зар деген ушу да.
+1
aku
2016-02-04 00:09:40
Эмне себептен энесине берилгендиги жонундо маалымат берип коюшса болмок элдин баары эле тан калышат деп ойлошпойбу,дааратканага таштап атса кайра эле ошол эне соройго берип атса эмне деген шумдук.откондо чон атасы ыйлап озум бага алам кучум жетет деп атса да алып коюшту эле го неберелин соц.кызматкерлер.
+2
elif
2016-02-04 00:19:26
Айнып калбаган бекен ал?
+1
etaj_rus79
2016-02-04 00:22:24
Фамилясы апасыныкыго жолдошу жок окшойт
+1
elif
2016-02-04 00:31:17
Апасы жолдошунун фамилиясын колдонушу мумкун эмесби :)?
+1
tynara81
2016-02-04 09:15:49
elif, фамилиясын колдонсо болот күйөөсүнүн, бул жерде "кызы ", "уулу" деп турбайбы. Келиндин атасы Атабек болсо, ошол кишинин небереси деле Атабек уулу болуптур да. Күйөө бала, кайнатанын аты окшош бекен.
0
ayzyrek89
2016-02-04 03:48:49
Торотканадан нары бери болуп жатып аран чыгатго аялдар. Ушу кочого, туалетге , уйдун чатырына таштаган аялдар кантип тороп,кантип басып барып ошол ишти кылганына акылым жетпей калат . Мин мертебе тообо кылдым.
+1
mirana9395
2016-02-04 05:57:27
Тоба неге андай кыласынар, таштап салган наристесин кайтып эмнеге колуна бересинер.Байкуш наристени дагы бирдеме кылып койбосо эле болду, мага берсе багып алмакмын.
+2
Rifle_2
2016-02-04 12:45:45
Ойноп жүрүп төрөп койгон окшойт да. Анын атасы каякта болду экен ?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан